Норвегиялык жашоочу өзүнө жакын түшкөн чагылганды видеого тартып калган. Бул окуяны чет элдик маалымат каражаттары тартылып калган видео менен кошо жарыялашты.
"Тасмадан жаандын алдындагы асманды видеого тартып жатканда, катуу күркүрөгөн үн чыгып анын жанына чагылган түшкөнүн көрүүгө болот. Камерага тартып жаткан адам күтүүсүз көрүнүштөн коркуп үйгө качып кирген. Кийинчерээк кайра чыгып чагылгандын түшкөн ордун да видеого тарткан. Анда цемент бетон оюлуп жердеги чөптөр үйдүн чатырына чейин чачылганы көрүнөт. Бактыга жараша, өзү аман калды", - деп жазылат маалыматта.