Жаш ырчы Мыктыбек Нурланбеков Румыниянын Пьятра-Нямц шаарында өткөн эл аралык ыр сынакта баш байгени жеңип алды. Бул тууралуу ал бүгүн, 27-августта SUPER.KG порталына билдирди.
"Сынакка Украина, Франция, Молдова, Румыния, Кыргыз мамлекети жана башка өлкөлөрдөн 50дөн ашык ырчы катышты. Мен Атай Огомбаевдин "Эсимде" аттуу чыгармасын аткарып, Гран-прини жеңип алдым", - деди ал.
Ырчы Украина, Болгария өлкөлөрүндө өтө турган дүйнөлүк сынакка катышууга жолдомо алганын кошумчалады.