Казакстандын Астана шаарындагы "Казанат" ат майданында өтүп жаткан Көк бөрү боюнча дүйнө чемпионатында Кыргыз өлкөсү менен Казакстандын курама командаларынын финалдык беттешүүсү башталды.
Оюндун 4-мүнөтүндө Казакстандын көк бөрүчүсү Темирхан Айтпаев эсепти ачты.
7-мүнөт: казакстандык Бактыбай Шеримкулов эсепти 2:0 кылды.
10-мүнөттө казакстандын дагы бир оюнчусу Абылайхан Нышанбек 3:0гө жеткирди.
19-мүнөткө жеткенде гана Кыргыз балбаны Рустам Тыналиев өз командасынын эсебин ачты.
20-мүнөттө беттештин биринчи бөлүгү аяктап, оюнчулар 10 мүнөттүк тыныгууга чыгышты.
Экинчи бөлүктүн башталышында Александр Пупенко Казакстандын 4-упайын алып берди.
Кийинки бөлүмдө Кыргыз командасы өз эсебине упай алууга аракет жасаганы менен натыйжа чыккан жок.
Ошентип 2-бөлүк да аяктап, Көк бөрү боюнча дүйнө чемпиондугу 4:1 эсеби менен Казакстандын командасына буйруду.
Кошумчалай кетсек,"А" тайпасында Кыргыз өлкөсү буга чейин Монголияны 4:0, Өзбекстанды 11:2, Түркияны 13:3, Тажикстанды 15:2, АКШны 11:6 эсебинде утуп алган.
Казакстан "В" тайпасында ойноп Афганистанды 9:2, Россияны 15:3, Кытайды 15:4 эсеби менен жеңген. Оюндун экинчи күнүндө Азербайжан келбей калгандыктан автоматтык түрдө жеңүүчү аталган.
Бир жумага созулган көк бөрү оюндары боюнча байгелүү орунду алган өлкөлөр:
1-орун Казакстан,
2-орун Кыргыз өлкөсү,
3-орунда Тажикстан,
4-орунда Кытай.