Биз социалдык тармакта

АКШда трансгендерлерге аскер кызматын өтөөгө тыюу салынды

АКШда трансгендерлерге (өздөрүн башка жыныстагы адам деп эсептегендер) аскер кызматын өтөөгө тыюу салынган буйрукка президент Дональд Трамп кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, буйрукта азыркы учурдагы трансгендер-аскер кызматкерлеринин тагдырын Коргоо министрлигинин кароосуна калтырды. Ошондой эле Трамп бул министрликке жынысты алмаштыруу операциясын каржылоого тыюу салды. Буйрук 2018-жылдын 23-мартында күчүнө кирет.

Мурдагы президент Барак Обама 2016-жылы трансгендерге аскер кызматын өтүүгө болбойт деген жобону алып салган.

"2016-жылы АКШ армиясындагы сексуалдык зомбулуктун саны 15 миңге жеткен. Бул боюнча аскерлер арасында жүргүзүлгөн жашыруун сурамжылоо жүргүзүлгөндө белгилүү болгон", - деп жазышат басылмалар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kanat.tls
2017-08-28 10:20:37
Аскер кызматын өтөөгө эле эмес көп нерсеге тыюу салыш керек буларга.
+5
tular
2017-08-28 11:18:06
Менин башымда оорубайт Америкалыктарга...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан