Бүгүн, 30-август күнү саат 15:00дө SUPER.KG'нин түз эфиринин коногу - белгилүү актёр, "Дем" театрынын мүчөсү Аскат Сулайманов болмокчу. Актёрдун жеке жашоосу, чыгармачылыгы жөнүндө кызыктырган суроолоруңуз болсо, сөзсүз түрдө анын өзүнө узатып, түз эфирден жооп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуз. Жөнөтүлгөн суроолордун арасынан оригиналдуу, кызыктуу делген суроонун ээсине белек ыйгарылат.
Эскертебиз, жиберилген суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.
Суроолор +996 557 75 63 63 WhatsApp номери аркылуу кабыл алынат. Ошондой эле түз эфир жүрүп жаткан учурда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып дагы жооп алсаңыздар болот.