27-августта көк бөрү боюнча Астанада өткөн Дүйнө чемпиондугунун финалдык бөлүгүндө кыргыз улакчылары казак улакчыларына 4:1 эсебинде утулуп калган. Бирок буга айрым интернет колдонуучулар нааразы болуп, социалдык баракчаларга оюнчулар арасында соодалашуу жүргөнү мүмкүн экенин жазышууда.
Бул маселе боюнча Көк бөрү федерациясынын вице-президенти Жыргалбек Саматов SUPER.KG'ге кыргыз улакчыларынын эмне үчүн утулуп калганын айтып берди.
"Жалпы жонунан эрежелер сакталып, оюн жакшы өттү. Бирок биздин балдар финалда жакшы оюн көрсөтө албай калышты. Алар "болгон аракетибизди жасадык, бирок жыйынтык ушундай болуп калды" дешти. Бул эми спорт. Спортто бирде жеңилсең, бирде жеңесиӊ.
Федерация тарабынан бүт баары камсыздалып, каржыланып, эмне маселе болсо убагында чечилип жатты. "Сатылып кетиптир, сүйлөшүп коюптур" деген сөздөрдүн баары жалган жалаа. Кантип эле 2-3 ай даярданып келип, сатылып кетели. Биз баарыбыз биринчи орунду алып, өлкө желегин бийик көтөрөбүз деген максат бар болчу. Бирок андай болбой калды. Биз элдин үмүтүн актай албай калдык", - деди Саматов.