Казакстандын Астана шаарында 27-августта өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун эл аралык марафонунда Виктория Полюдина жеңишке жетти. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги маалымдайт.
Маалыматка ылайык, аталган мелдешке ШКУ өлкөлөрүнүн арасынан 5 миӊ спортчу, алардын ичинен 50 профессионал спортчу катышышкан. Виктория Полюдина 42,195 чакырымга жарышып 2 саат 37 мүнөт жана 45 секунда жыйынтыгын көрсөтүп 1-орунду камсыздады.
Дагы бир кыргыз спортчусу Мария Коробицкая 2 саат 43 мүнөт жана 57 секунда жыйынтыгы менен 4-орунда болду.
Эркектер арасында 42,195 чакырымга жарышта Илья Тяпкин 2 саат 24 мүнөт жана 14 секунда жыйынтыгы менен 3-орунга ээ болду.