Дзюдо боюнча өлкө чемпиондугу аяктап, жеңүүчүлөр аныкталды

16-17 жаштагы улан-кыздар арасында өткөн дзюдо боюнча өлкө чемпиондугу 23-майда соңуна чыкты. Спорттук иш-чара 20-майда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда башталып, мелдешке 40 килограммдан 81 килограммдык салмакка чейинки спортчулар катышты. Аталган спорт түрүнүн федерациясынын басма сөз кызматы билдиргендей, өлкө биринчилиги Кыргызстандын улуттук курама командасын түзүү максатында уюштурулган. Ал эми 3 күндүк мелдештин жеңүүчүлөрү төмөнкүлөр аталды: Баяман Сагынбай уулу, Орозбек Сапарбеков, Надырбек Султанов, Акжол Абдыкаров, Шахриер Идирисов, Азиз Сабиров, Азамат Бектурсунов, Күмүшай Соскеева, Екатерина Азина, Аймончок Рысбекова, Сымбат Талантбек кызы, Эльмира Акишова, Гулсирен Эмилбек кызы жана Валерия Лыкова. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан