Бишкектик ыктыярчы Айгерим Тургунбаева: "Жашоодогу аманатым - балдар үйүндөгү 2 баланы окутуу, коомдон өз ордун табууга жардам берүү. Алар үчүн баарына даярмын"

Учурда кайрымдуулук уюмдары көбөйүп, балдар үйүнө жардам берген адамдардын саны тууралуу социалдык тармактардан окууга болот. Бирок ал жактан кеткен соӊ алардын тагдыры эмне болгону белгисиз, жадакалса мамлекет да көзөмөлгө албаганы көпчүлүккө белгилүү.

"Дүйнөнү сулуулук эмес, жакшы адамдар сактап калат" деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Анткени кийинки муундун келечегине кайдыгер карабаган адамдардын арасында жаш экенине карабай 17-18 жаштагы бир уул, бир кыздын энеси экенин айтып күлгөн Бишкек шаарынын тургуну, ыктыярчы Айгерим Тургунбаева бар. Ал Караколдогу балдар үйүндө тарбияланган 5 баланы кантип Татарстандын Казань шаарына жибергени, "эне" статусуна ээ болгону жана өспүрүмдөрдү тарбиялоо, билим берүү кандай оор жана сыймыктануу сезими тууралуу SUPER.KG`ге баяндады.

"5 БАЛА ҮЧҮН 5 ЖУМУШТА ИШТӨӨГӨ, КЭЭДЕ АЧКА КАЛУУГА ТУУРА КЕЛДИ"

- Балдар үйүнүн тарбиялануучуларын чет өлкөгө окууга жиберүү оӊой болгон жок. Расмий жана расмий эмес сүйлөшүүлөр көпкө созулду. Сынак тапшырганда балдар өтпөй калсачы, окууну эптей алабы деген сыяктуу толтура күмөндөр бар болчу. Бирок долбоорду сынап көрүү үчүн болгон күчүмдү жумшадым. Бир күнү Казань университетинен кубанычтуу жооп алдык. Толкундануу менен сынактарды тапшыруу башталды.

Андан соӊ балдарды жаӊы жашоого, бейтааныш өлкөгө узаттык. Артында колдоп турган жакындары жок баарына жалгыз чуркап, акча таап узатууга туура келди. Кызыгы, ошондон кийин ата-энелери пайда болду. Ушул убакка чейин кайда жүрдү, эмнеге баласынын келечегин ойлогон жок деп бир чети ачууландым. Кызымды чакыр, мен аны иштегенге Москвага жиберчүмүн дейт. Баланын келечегин эмес, аны акча табуучу булак катары көргөн ата-энелер бар экенин көрүп таӊ калдым.

"ОКУУГА ЖИБЕРИЛГЕН БАЛДАРДЫН ЭКӨӨ ГАНА КЫЙЫНЧЫЛЫКТАРДЫ ЖЕҢЕ АЛЫШТЫ"

- Азыр 2 жыл мурун кеткен 5 баланын экөө гана окуусун улантып жатат дедиӊиз. Чет жерде кыйынчылыктарды жеӊүүгө эрки жеткен жокпу?

- Балким, эрки жеткен жок. Алгач башында чындап окууну каалайсыӊарбы, кийин келе бербейсиӊерби, силердин ордуӊарда канча бала окууну кыялданып жүрөт, ойлонгула деп айтып көрдүм. 3 студенттин келе бергенин да башка бирөөдөн уктум. Балдар үйүндө тарбиялангандар - баары бир мүнөзү, өзүн алып жүрүүсү башкача болот экен. Мүмкүн аларды кичинесинен чектеп, бир рамкага салып, даяр тамак-ашка үйрөтүп коюшканы үчүнбү, түшүнүксүз.

Балдар Казандагы окуудан эс алууга келген учур. 2016-жыл

Анан да 5 баланы окутуу үчүн алардын жатаканасы, тамак-ашы, кошумча керектөөлөрү үчүн жок дегенде 5 миӊ сомдон акча керек эле. Аларды камсыз кылыш үчүн 5 жумушта иштөөгө, ачка калууга, алар менен кошо алыста туруп ыйлоого, бирге кайгырууга туура келди. Дайыма бирөөдөн же интернет аркылуу акчалай жардам суроо да болбойт эле. Кудайга шүгүр, эми баары артта калып, азыр Саида менен Чынтемир жакшы окуп, бош убактылары болсо иштеп жатышат.

- Демек, сизди майда ийгиликтери менен кубантып жатышат экен да...

- Ооба, мен негизи Саида жөнүндө көп айта берем (күлүп). Ал аябай күчтүү кыз. Алгач орусча бир да сөз билбей кетсе, азыр ушунчалык так, таза сүйлөп жатканына, дүйнө таанымы, көз карашы такыр өзгөргөнүнө таӊ калам, суктанам. Буюрса, эми аны Германияга окууга жиберүү пландарым бар.

Айгерим Тургунбаева менен Саида

- Өзүӊүз назик экениӊизге карабай көп адам үчүн жоопкерчиликти моюнуӊузга алгандайсыз?

- Адамдарга жардам берүү деген миссияӊ болсо эле, аны жасай бересиӊ. Миссияны аткаруу процессинде түрдүү адамдар чыгат. Алардын бири тамак-аш чогултууга көмөктөшсө, башкалары дагы башка жумуштарды аткарат дегендей. Ошентип өзүӊ да баары кандай бүткөнүн байкабай каласыӊ.

Бирок кайрымдуулук иштерде да алдап кеткендер болот. Бир жолу 2-3 айлап кичинекей кароосуз калган балдарга оюнчук, тамак-аш, керектүү буюмдарды чогулттук. Анан таксиге дайындап, Таласка салып жибердик. Кийин ошол таксистти да, азык-түлүктөрдү да таппай калдык, кыскасы, ысык-суукта калып чогулткандарыбыз өз ээлерине жетпей калды. Ошондон кийин этият болуп, баарын өзүбүз жеткире баштадык.

"БАЛАНЫН ТАМАК-АШЫНА ЭЛЕ ЭМЕС, БИЛИМ АЛУУСУНА, КЕЛЕЧЕГИНЕ ТЕРЕҢ КӨҢҮЛ БУРСАК"

- Балдар үйүнүн тарбиялануучуларын жашоодо өз ордун табууга үйрөтүп жатып, эмнелерди байкадыӊыз? Аларды мамлекеттин тамак-аш, кийим менен камсыз кылуусу жетиштүү бекен?

- Алар менен дайыма WhatsApp`тан жазышабыз. Мени тамашалап отуруп, "мама" дей башташты. Аны көрүп, бирде күлкүӊ келет, бир четинен сыймыктануу сезими жаралды.

Чынында, биологиялык жактан ата-эне болушуӊ мүмкүн. Бирок баланы төрөбөсөӊ да ага тарбия берип, бутуна тургузган, жашоодо өзүн табууга жол көрсөткөн адамды да толук ата-энеси деп атоого болот. Жөн эле төрөп таштап койгондорду айбандык инстикттин негизинде бала төрөдү десек болот.

Азыр менин жашоодогу аманатым - балдар үйүндөгү 2 баланы окутуу, коомдон өз ордун табууга жардам берүү. Алар үчүн баарына даярмын деп айта алам (күлүп).

Албетте, кароосуз калгандарды тамак-аш менен багып, анан "эми өзүӊдү бак" деп эркиндикке коё бергенде кандай адамдар өсүп чыгарын убакыт көрсөтүп жатат. Аларды кайра тарбиялоо, ата-эне түзгөн үй-бүлө деген коом бар экенин түшүндүрүү абдан оор экен. Ошон үчүн да бүгүнкү күнү алардын билим алуусуна шарт түзсөк. Анткени учурдагы кылмыштуулук, проституциянын өнүгүшү да дал ошондон келип чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
alik25
2017-08-31 18:32:29
Кудайым эки дуйно бактылуулук берсин. Алдыга койгон максатынызга жетишин. Аллах жар болсун сизге!!!
+6
grace
2017-08-31 18:55:46
Жаш болсоң да баш экенсиң! Кудайым колдоп жар болсун силердей кыргыздын жаштарына! Бактылуу, өмүрлүү бол Айгерим!
+6
Han1111
2017-08-31 21:04:33
Кандай сонун жанылык!
0
Azatbek83
2017-09-08 19:01:51
Озу менен тен балдар экенго жаш эле турмушка чыкса 17-18 жаш эки балалуу 14-15 же 16 жашында турмушка чыкса бир байга чыккансынбы майли кылган ишине ийгилик.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан