Түп районунда жол кырсыгы болуп, 2 жүргүнчү каза тапты

21-май күнү Ысык-Көл облусунун Түп-Кеген унаа жолунун 59-чакырымында автокырсык болуп, 2 адам каза тапты. Аталган райондогу Каркыра айылынын 57 жаштагы тургуну У.Н. ГАЗ-53 рулду башкара албай калып, унаа жолдон чыгып аңтарылып кеткен. Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, кырсыктан кийин унаанын ичиндеги 2 жүргүнчү сыртка чыгышкан. Бирок аңтарылган унаа кайрадан алардын үстүнө кулап түшүп, жүргүнчүлөр каза тапкан. Ал эми айдоочу унаанын ичинде калгандыгына байланыштуу аман калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан