14-ноябрда кармалган Сотторду тандоо кеңешинин мүчөсү Василий Слесарев бошотулду
Укук коргоо органдары тарабынан 14-ноябрь күнү кармалган Сотторду тандоо кеңешинин мүчөсү Василий Слесарев бүгүн өлкөдөн сыртка чыкпоо талабы менен кайра бошотулду. Айта кетсек, ал 221-берене боюнча (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы) айыпталган. Жактоочусу Икрамидин Айткуловдун айтымында, Василий Слесаревге тагылган айыптар негизсиз.