Бишкектеги Курманжан датка көчөсүнө жөө адамдар үчүн асма көпүрө салынып жатат. Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Нурлан Эшенбаевдин айтымында, асма көпүрөлөрдү куруунун негизги максаты жол тыгынын азайтуу.
"Азыркы тапта "Аламүдүн" базарынын жанында асма көпүрөнү куруу иштери жүрүп жатат. Бул жөө адамдар үчүн курулуп жаткан алгачкы асма көпүрө. Андан сырткары "Мадина" базарынын жанында да курулуш иштери жүрүп жатат. Анткени базардын маңдайындагы жол чырак көп учурда автотыгынды пайда кылчу. Көпүрө ишке кирген соң ал жол чырак алынат. Ушундай эле көпүрөлөрдү Чүй жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилишине, "Ош базарына" куруу иштери каралып жатат. Бишкекте мындай көпүрөлөргө муктаждык көп. Бир көпүрөнү куруш үчүн 17-18 миллион сомдун тегерегинде акча кетет", - деди Эшенбаев.
Ошондой эле Нурлан Эшенбаев асма көпүрөлөрдө ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана кары адамдар үчүн атайын шарттар түзүлөрүн кошумчалады.
"Кары адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн лифт орнотулат. Андан сырткары үстү жабылып, капталдары тосулат", - деди Нурлан Эшенбаев.