Азимбек Бекназаровдун чогулткан 56 миңден ашуун колдордун жарымы жараксыз болуп чыкты

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлер Азимбек Бекназаров менен Адахан Мадумаровдун кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун протоколун бекитти. БШКнын маалымат кызматынан билдиришкендей, Бекназаровдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан 56 миң 439 адамдын колу коюлган барактар тапшырылган. Жумушчу топ чогултулган колдорду карап чыгып, 25 миң 70 адамдын колун жараксыз десе, 31 миң 369 адамдын колун анык деп тапты.

Ал эми Адахан Мадумаровдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн жарандардын 42 миң 303 колдору түшкөн. Анын 6 миң 175и жараксыз деп табылса, 36 миң 128 адамдын колу анык деп белгиленди.

Айта кетсек, 30 миң кол топтоп тапшыруу - президенттикке талапкерлерди каттоодогу негизги үч талаптын бири. Президенттик шайлоого ат салышмакчы болгондор мындан тышкары мамлекеттик тил боюнча сынактан өтүп, 1 миллион сом күрөө төгүшү керек. Ошондон соң гана БШК аларды талапкерликке каттайт.

Шайлоо 15-октябрга белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tulpar90
2017-08-29 12:18:18
Алга Адахан Кимсанбаевич.
+11
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан