Facebook`тун негиздөөчүсү Марк Цукерберг экинчи ирет ата болду. Эми ал декреттик эс алууга чыгат

Facebook социалдык тармагынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг кыздуу болду. Бул тууралуу ал өзүнүн расмий баракчасына Бишкек убактысы боюнча бүгүн таңкы саат 5те жазып, ымыркайга Август деген ысым ыйгарганын билдирди. Ошондой эле ал жубайы экөө жаңы төрөлгөн кызына арнап кат жазышкан.

"Сүйүктүү Август, жарык дүйнөгө кош келдиң! Мен жана апаң сенин келечекте ким болоруңду чыдамсыздык менен күтөбүз", - деп жазылган катта.

Бул окуяга байланыштуу Цукерберг декреттик эс алууга чыгат. Алгач 1 айга, ал эми экинчи ирет декабрда 1 айга эс алуу алат. Аталган компаниянын кызматкерлери бала төрөлгөнүнө байланыштуу 4 айлык мөөнөткө чейин эс алууга чыга алышат.

Марк Цукерберг 2012-жылы сүйүктүүсү Присцилла Чан менен баш кошуп, 2015-жылы Макс деген кыздуу болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Midub
2017-08-29 11:48:30
Сентябрда туулганда Сентябрь болот беле
+3
Gulzats
2017-08-29 13:47:09
Midub,Биз деле жазында торолсо Жазгул деп коебуз го, кышында торолсо Кышгул дебейбиз го
+1
modem4999
2017-08-29 12:28:31
Эркектер да декретке чыгып калганбы?
+1
tular
2017-08-29 18:52:28
modem4999, эмнеге тан каласыз? Америкада эркек менен эркек баш кошушат! Катын менен катын баш кошушат, ага караганда бул пайдалуурак иш болуп жатпайбы ботом дечу эле бизге чон апаларыбыз...
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан