Ошто таштанды урнасынан табылган жансыз дененин аты-жөнү такталды. Ал 1966-жылы Чоң-Алай районунда туулган А.Жумагүл болгон. Ош ШИИБинин маалымат катчысы Замир Сыдыковдун айтымында анын өлүмүнө шектүү катары эже-сиңди кармалды.
"А.Жумагүлдүн өлүмүнө 1990-жылы туулган У.А. жана 1980-жылы туулган Г.К. шектелүүдө. Алар эже-сиңди болушкан. Алардын бири У.А. маркумдун келини болгон", - деди Замир Сыдыков.
Айта кетсек, 27-августта Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш кичи районундагы Ош мамлекеттик социалдык университетинин жанындагы таштанды челектен башы кесилген аялдын денеси табылган.