“Өзбек президенти Шавкат Мирзийоев өлкөнүн тышкы саясатында Борбор Азия биринчи орунда экенин айткан” деп бүгүн, 29-августта “Пикир” Кыргыз аймактык эксперттер клубунун тегерек столунда Өзбекстандын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Комил Рашидов билдирди.
Анын айтымында, Мирзийоев өзүнүн программасында Өзбекстан тышкы саясаттагы ишмердүүлүгүндө негизги артыкчылыкты өлкөнүн улуттук кызыкчылыктары менен тыгыз байланышта болгон Борбор Азия чөлкөмүнө бере турганын айткан.
"Биздин президент коңшу өлкөлөр Кыргыз мамлекети, Түркмөнстан, Казакстан, Тажикстанга карата мурдагыдай эле ачык, достук мамиледеги прагматикалык саясат жүргүзүлө турганын белгилеген. Жакында эле кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык отурумунда кызматташуу жөнүндө эки өлкөнүн премьер-министрлери макулдашты. Эки өлкө чек ара маселесин чечүү үчүн иш алып барып жатышат. Кыргыз-өзбек достугу түбөлүк сакталат деген ишеним бар. Биз Кыргыз өлкөсүнүн ийгилигине ар дайым кубанычта болобуз”, - деди Рашидов.