Бишкекте “Президентке белги бер!” акциясын уюштургандар "майда бейбаштык кылган" деп айыпталууда

Бишкектин тургундарынын арызынын негизинде “Президентке белги бер!” аттуу акциянын уюштуруучулары Мирсулжан Намазалиев, Камил Мырзаев, Азамат Акелеев жана Айзада Марат кызына "майда бейбаштык кылган" деп айыпталып, протокол түзүлдү. Маалыматка ылайык, алар учурда Биринчи Май РИИБинде. 

РИИБинин жетекчисинин уруксатысыз административдик тартипти бузгандыгы жөнүндө протоколдун көчүрмөсүн берүүгө болбойт деп аларга көчүрмөнү бербей жатышат”,- дейт юрист Атыр Абдрахматова. Эске салсак, кечээ, 22-майда аталган жарандардын катышуусунда оң рулдуу унааларды колдонууга тыюу салган демилгеге каршы болгондор унаалары менен  “Президентке белги бер!” (Посигналь президенту!) аттуу акция өткөрүшүп, шаардын борбордук көчөсүнө чогулуп турушкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
uty
2013-05-23 23:07:50
туура ккылат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан