Бүгүн, 29-августта Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата структуралык бөлүмдөрдүн кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды.
Өз сөзүндө шаар башчысы Албек Ибраимов бардык кызматкерлерди келе жаткан майрамы менен куттуктап, аларга чың ден соолук жана иштерине ийгилик каалап өттү. Андан соң ал эмгекте айырмаланган кызматкерлерди Ардак грамоталар жана Бишкек шаардык мэриясынын сыйлыктары менен сыйлады.