Бүгүн, 29-августта билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева жана аталган тармактын кызматкерлери жаңы окуу жылына болгон даярдык тууралуу маалымат таратышты. Анда министрлик 2017-2018-окуу жылындагы жаңы багыттар менен иш алып барууга даярданып жатканы жана ал үчүн 5 жылдык "Жаңы доорго 40 кадам" программасы түзүлгөндүгү айтылды. Программанын негизги максаты - мектептердеги билим берүү тармагынын эски мазмунун жаңыртуу жана кесиптик билим берүүнүн сапатын жакшыртуу.
"Быйыл көбүнчө мектептеги билим берүүгө басым жасоодобуз. Өзгөчө окуучулардын чет тилдерин үйрөнүүсүн маанилүү деп таап, быйылкы жылдан тарта 5-класстан жогоркуларга англис тили сабагынын сааттарын көбөйттүк. Тактап айтканда, мурда бул сабак жумасына 2 гана жолу кирсе, эми 5 күн окутулат. Бул үчүн атайын жаңы окуу куралдары да даярдалган, алар сентябрь айынан тарта бардык мектептерге таратылмакчы", - дейт Гүлмира Кудайбердиева.