Билим берүү жана илим министри: "Окуу китептерин 20 сомго ижарага берүү – бул өтө деле чоң сумма эмес"

2017-2018-жаңы окуу жылына карата даярдык боюнча болуп өткөн маалымат жыйындын алкагында билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева быйыл мектеп босогосун аттагандардын саны 121 миң окуучуну түзгөндүгүн жана мугалимдер мурунку жылдарга караганда жетиштүү экендигин айтты.

"Мурунку жылдары мектептерде 3 миӊден ашуун мугалим жетишсиз болчу. Быйыл 467 гана мугалим жетишпейт. Ал эми мектептер боюнча айтсам, былтыр 98 жаңы мектеп ишке кирсе, быйыл дагы 28 мектеп иштетүүгө берилмекчи", - деди министр.

Ал эми мектептердеги ата-энелер фонду тууралуу берилген суроого төмөнкүчө жооп берди.

"Мугалимдердин айлык-акысын, окутуу шарттарын мамлекет камсыздайт. Ата-энелер фондуна түшкөн каражат ошол мектептин оңдоп-түзөө иштерине кетет. Мында эч кандай мыйзам бузуу жок, тескерисинче, мамлекетке кошкон салым катары кароого болот", - деди ал.

Ошондой эле 2008-жылдан тарта окуучуларга китеп акысыз берилерин, учурда Чүй облусунун Жайыл районунда гана китептер ижарага берилерин кошумчалады.

"Мурда китептер 20-25 сомдон ижарага берилчү. Андан 15 миллион доллар каражат түшүп, ага жаңы окуу китептери сатылып алынган. Быйыл Жайыл районундагы 40 мектепке китептерди ижарага берүүнү чечтик. Мунун жыйынтыгы боюнча башка мектептерге да ижарага беребизби же бербейбизби чечебиз. Менин оюмча 20 сом – бул өтө деле чоң сумма эмес", - деди Кудайбердиева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (26)
dosym
2017-08-29 15:48:26
Бир бала 10 китеп окуса 200 сом болот, Бир үйдө 7 бала болсо 1400, электрондук китептерге өтүү керек, жыртылбайт сынбайт,
+15
Totyua.71.
2017-08-29 16:16:57
Айылда ошол 20сомду табалбаган да уй було бар Беш баласына ондон Китеп алганда 1000сом деле коп акча,мурунку проблемалар дагы башталат турбайбы...
+14
aadanova14
2017-08-29 16:34:15
Totyua.71.,мен да кошулам. Силер учун чон акча эмес болсо биз учун 20 сом чон эле акча кыйраттын Атамбаев
+10
rafo80
2017-08-29 16:17:43
бул дагы элди тоноонун бир жолу
+9
Milana.
2017-08-29 16:34:11
каршымын эмнеге андай кылышат эл нааразычылык жарычласын 5 6 балдары мектепте окугандар кантет ..... окуп аябай жиним келди шайлоодон болсо жакында бир маалыматты уккан сон умутум узулду..... кайра эле АШАнын системасы иштейт аябай маанайым тушту.... нааразычылык жарыяласын ата энелер. Бакиевдин убагында бекер болгон эми кондуруп кондуруп ремонттко акча деп киргизишет уяты жоктор
+7
odin-takoy
2017-08-29 16:40:55
Элди тойгозуп буттунор бирдеке болсоле камап ийесинер силерди бакиев камабай этпей эле соз эркиндиги бар болчу ал убакта. Азыр соз эркиндигинин с-сы жок. Арак берип адамдарды митинге ундодунор жалан алкаш ар кетирди арак ичип митингге чыккан ел озу кунолу бакиев жесе силер жегендин жыйырмадан бирин жеген. Атамбаев асылбаган адам калбады уят кылып бутту адамды айтаберсен соз коп. Жакынкы убакта онукпойт кыргызстан.
+3
Ma9
2017-08-29 17:48:14
уху 20 сом чоон акча кичине ойлонгулачы силер учун 1000мин сом деле акча эмес бизге окшогондорго 20сом чоон акча
+5
Asman...
2017-08-29 18:19:50
Силер үчүн албетте чоң акча эмес бирок карапайым калк үчүн бул да чоң акча 4 5 баласын окуткан ата энелер бар алар үчүн кыйын эле да. Элди тоноп жеп түгөткүлө эми наркы дүйнөдө жооп берерсиңер ак...тар.

Бакиевдин кылганын дагы көп эстейт окшойбуз. Сооронбай бийлике келсе Ашанын ишин улантат да.

Жанагы Аша десе жанын бере тургандар көрүп окушту бекен ушуну. Көргүлө сүйүктүү президентиңердин кыйратып жаткан жумушун!!!


+5
Tolkun555
2017-08-29 19:46:42
Мен каршымын.Акаев платный кылды.Бакиев бекер кылды.Аша платный квлат.
+2
kenjebek_a
2017-08-29 20:05:31
Ушул АШАнын командасыныкы отту.Эл жарылганга аз калды.Кудай сактасын.Шайлоодо бурмаласа АШАнын бийлиги озуно ор казган болот.20сом буларга акча болбосо,карапайым элге чон эле акча.
+4
magnat1013
2017-08-29 20:17:51
Ушул айым жаман куйдурду да, мугалимдердин айлыгы канча экенин билбейт, анан 20 сом чон деле акча эмес дейт. Биздин убакта 1996-2001 жылдары бир окуучу 60 сомго бардык китепти алчуубуз, биздин уйдон тортобуз окуйт элек, зорго-зорго берет элек. Азыр жогорку класстарда 10дон ашат. Ошондо 200-300 болуп калат. Нанга акча таппай отурган уй-булолор бар. Эл менен иштеген министр бардык нерседен кабардар болот эле. Биздин атка минерлер кабинетте отуруп алып ойду-тоону суйлой беришет
+5
grace
2017-08-29 22:11:50
Ушул министрлер асмандап сүйлөшөт, элдин акчасы менен байып. Бюджет - биздин пулубуз, өкмөт - биздин кулубуз деген жашоого жетишибиз керек. Өкмөт элдин акчасына жалданган кызматкер деген принципте парламенттик демократия болуш керек. Добушубузду сатпайлы элим.
+3
bakulya2015
2017-08-29 22:58:32
Дагы акчабы элден акча чогултуп эле журо берет экенда олкобуз. Туура эмес бул кылгандары ушунча элди кыйнаганы да жетиштуу.
+3
Gena1
2017-08-30 09:11:36
Эх Бакиев ака, бизди кечириниз...
+2
guku86
2017-08-30 09:28:39
озумун кыйналган кундоруму эстеп кеттим Бакиев биийликке келип китепке акча ремонтко акча дегенди жойгондо кандай суюнгонуму айтпагыла азырго кудайга шугур бирок жыйырма сомго нан алып алсак деген адамдар канча чогулкулары келсе копкон чиновниктердин балдарынан чогултушсун
+2
sani899394
2017-08-30 13:51:48
Окуу китептерин ижарага берүү бул окуучулардын билим алуусуна терс таасирин тийгизет. Бир окуучу 10 китеп ала турган болсо 200 сом болот экен. Бир үйдө бир бала окуса бир жөн,бирок бир үйдөн 4 же 5 баласын окуткандар да бар. Алар бул сумманы төлөгөнгө чамасы жетпеши мүмкүн. Натыйжада балдарына китеп алып бере албай билимдин деңгээли төмөндөйт. Болгон акчасын күнүмдүк тамак-ашына жумшаган үй бүлөгө бул өтө эле оор келет.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан