Бүгүн, 29-августта билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева маалымат жыйын өткөрүп, анын алкагында жаңы окуу жылына болгон даярдыктар жөнүндө айтып өттү. Өз сөзүн жыйынтыктаган соң массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлери тарабынан түрдүү суроолор берилип, министр алардын ар бирине кылдат жооп берүүгө аракет кылды.
Алардын ичинен “Быйыл көптөгөн бүтүрүүчүлөрдүн аттестаттарында ката кеткендиги айтылды. Бул боюнча изилдеп, кандай чечим чыгардыңар?” - деген суроого төмөнкүчө жооп берди:
“Туура, бул ката басмаканадан жана биздин айрым кызматкерлер тарабынан кетти. Окуяны өзүм иликтеп, ката кетирген кызматкерлерди жумуштан алууну каалагам. Бирок башка кызматкерлердин өтүнүчү менен аларга жөн гана эскертүү берилип, сөгүш жарыяланды. Кийинки жылы мындай катачылык катталбайт деп кепилдик бере алам”, - деди ал.