Токтогул районунда кошумча электр мамычалар курулуп, аба чубалгылары тартылууда. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.
"Токтогул районуна караштуу Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн Орто-Кашат айылында кошумча электр мамычалар орнотулуп, 500 метр аба чубалгысы курулду. Мындан тышкары Бала-Чычкан, Мазар-Суу айылдарына дагы 1 чакырымдан ашуун аба чубалгылары тартылды. Учурда тоскоолдук жараткан бак-дарактарды кыйып алуу жумуштары да жүрүүдө", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.