Бүгүн, 29-августта премьер-министр Сапар Исаков "Газпром Кыргызстандын" Бишкектеги башкы кеңсесинин ачылышына катышты. Иш-чарада өкмөт башчы компаниянын жалпы жамаатын куттуктады.
"Бул күн тарыхта кала турган күн. "Газпром" жашообузда орду бар экенин көрсөтүп келет. Бул кеңсе биздин шаарыбызды кооздоп турат. Кеңсенин ичи жогорку деңгээлдеги стандарттарга жооп берет. "Газпром" 10 жылдан бери өлкөбүздө иштеп келет. Республикалык бюджетке 1 миллиард доллар каражат түшүрүп жатат. Бул үчүн "Газпромдун" башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллерге ыраазычылык билдирем", - деди ал.