Түркияда көчөдө калган Кыргыз жараны ооруканага жаткырылды

Түркияда көчөдө калган Кыргыз жараны ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчилиги "көчөдө калды" делген аялдын аты-жөнүн тактап, 1987-жылы туулган Жалал-Абад облусунун тургуну экенин аныкташкан.

"Элчиликтин маалыматы боюнча, жергиликтүү полиция бул жаранды кармап кеткен. Элчиликтин жардамы менен бошотулуп Анкара шаарындагы ооруканалардын бирине жаткырылган. Жакшы болуп чыкса, элчиликтин кызматкерлери Кыргыз жерине кетирүү аракетин көрүшөт", - деп билдирди ТИМдин басма сөз катчысы Айымкан Кулукеева.

Айта кетсек, кечээ, 28-августта Акбалык Жумалиева аттуу интернет колдонуучу Фейсбуктагы баракчасына Анкарада эс тутумун жоготкон аял тууралуу маалымат жазган. Анда ал "бул аялды тааныгандар барбы? Сүрөттөрдү мурда Кыргыз жеринде иштеп кетишкен түрк кесиптештер жөнөтүштү. Айтымдарында, ал аял Анкарада көчөдө жүрөт, атын да айта албайт" деп жазган баракчасына.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kg.arts.
2017-08-29 17:45:58
Бул аялга эмне болгон экен? Тактап жазсанар жакшы болмок.
+5
admin_superstan
2017-08-30 10:44:55
Kg.arts., саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан