СУПЕРСТАН: "Жолдо баратып эл алдында ыңгайсыз абалда калдыңыз беле?"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Жолдо ыңгайсыз абалда калдыңыз беле?" деген темада колдонуучулар кызыктуу окуялары менен бөлүшүшкөн.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Биринчи курсту аяктап жатып сынак боло турган күнү шашып окуу жайга бара жатсам бут кийимимдин бир капталы үзүлүп, клейи чыгып кетти. Орто жолдо эмне кыларымды билбейм, саат 9га жакындап калган. Бут кийимимди көтөрүп жолдун аркы бетиндеги дүкөнгө кирип, 1 клей алып босоножкимдин ичине куюп бутумду кошо бастырып кийип кете бергем. Бутумда байпагым да бар болчу (капрон). Эч ким деле байкаган эмес. Сынактан чыгып кыздарга көрсөтсөм аябай күлүшкөн. Байпагымды чечсем бутума да клей жармашып калыптыр. "Ош базарына" келип 300 сомго бир балетка алып кийип кеткем. Шашпай бут кийимдин өзүн клейлегенге убакыт тар болчу да. Азыр да эстеп алып күлкүм келет".

"Жакында эле болду. Биздин үй көчөнүн башында болсо чоң апамдын үйү көчөнүн ылдый тарабында. Туугандар чоң апамдын үйүнө саат 5ке барышыбыз керек болчу. Мен үйдөн кечирээк чыгып, шашылып кетип бара жатсам бут кийимим темиринен чыгып кетти. Ал дагы так аялдамага жеткенде чыгып кетти. Же басып кете албайм. Эжеме "кыздарыңыздан бир тапочка берип жибериңизчи. Мен ордумдан жыла албай турам" деп чалдым. Эжемдин кызы келгенче өткөн-кеткен машиналар баары эле "кетесиңби?", "Ошкобу?" деп сигнал берип токтошот. Ошентип барчу жериме кеч бардым".

"Силердикиндей окуя боло элек экен. Бир жолу болгон анда акчам такыр жок калган. Эртеӊ менен досум экөөбүз маршруттук таксиге түшүп, ал экөөбүзгө төлөп бир аялдама менден мурун түшүп кетти. Анан мен түшөрдө унчукпай чыгып баратсам айдоочу "жол кире бер" деп кыйкырынып урушуп алса, ичимден "ии, акчам жок эмес беле" деп ойлонуп "төлөп түштү" десем, "башымды оорутпа" деп кыйкырат. Жанында отурган эже дагы "досу төлөп түштү" десе да болбой, "мен көргөн жокмун" деп бакырат. Маршруттук таксидеги элдин баары мени карап турат. Баштыгымды аңтарсам жакшы бешенеме 20 сом чыгып калды. Жиним менен бетине ыргытып сөгүнүп, эшигин тарс жаап баса бергем. Жыйырма сом кайдан пайда болуп калды деп таң калып калгам".

Кызыктуу окуялар менен бөлүшкүңүз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Hadyja
2017-08-29 19:23:51
Студент кезде акча жок.Маршруткага отуруп,"ала кетинизчи"деп айта эле электе,айдоочу акча бер деп калды,ала кетинизчи десем болбойду.Анан бир кыз мен учун акча толоп,чыгып кетти.Аябай ыраазы болгом.Азыр да маршруткага акчасы жоктор отуруп калса,акча бергенден аянбайм.
+1
Hadyja
2017-08-29 19:27:54
2-3кун такыр акча жок калган.Анан бир маршруткага акчамды унтуп калыпмын деп тушком.Эртеси дагы акча ошол эле маршруткага тушуп калыпмын.Айдоочу байке,аябай кулгон жагы акчанды унтуп,калыпсынбы деп.Анан чынын айткам.Биздин кыргыздын пейили кененине баа берип,азыркыга чейин ыраазымын,эстеген сайын.
Ошого азыр тааныбаган адамдарга жардам берип,жону жок урушпаганга аракет кылам.
Кайран,студенттик кезди эстеттинер го
0
meku89
2017-08-29 19:56:00
Жолдошум экообуз жаны уйлонгон кез болчу. Акча керек болуп калып чалсам жумушка келип алып кет дегенинен барып, акчасын берип паркта бираз отура туралы деп кок чопко келип отурсак менин шымым тигишинен айрылып кетпедиби. Ии деп эптеп уйго келип шымымды илип коюп унутуп калыптырмын. Эки уч откондон кийин эртен менен уктап калып сабакка кечигип жатып баягы шымды кийип кетиптирмин.
-1
meku89
2017-08-29 20:01:23
Барсам 1 пара болбой калып баары сыртта турат мен болсо 3 этадга которулуп кайра тушуп жаткам группалаштар баары турган эч ким байкабаптыр баягы жыртык шымды. Кийинки парага кирип отуруп сабак ортолоп калганда эсиме тушуп атпайбы баягы жыртык шым. Ии деген боюнча сабак буткондо старостама срочно кетишим керек десем болбойт ал азыр завед. сабагы деп. Эптеп жатып кетип калдым эми маршруткадан кантем деп уйго аран жеткем. Коргон адам эмне деди билбейм.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан