Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы Белек айылында 2-сентябрда Курман айт майрамынын урматына ири иш-чара өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Улук Өмүрбеков SUPER.KG порталына бүгүн, 30-августта билдирди.
Анын айтымында, "Улуу Курман айт" деген аталыштагы бул саамалык Ыйман, адеп жана маданият жылына карата уюштурулуп, анда улуттук спорттук оюндар, сынактар өткөрүлөт. Ошондой эле мал союлуп, ондогон боз үй тигилет.
"Иш-чара Курман айт майрамынын деңгээлин көтөрүү, элдин ынтымагын бекемдөө, спортчуларды профессионалдык деңгээлде машыгуусуна шыктандыруу жана сергек жашоого үндөө максатында уюштурулат. Анда кыргыздын улуттук спорттук оюндарынын 20га жакын түрү болуп, Кыргыз өлкөсүнүн бардык аймактарынан келген спортчулар катыша алат. Оюндардан сырткары куран окуу, боз үйдү ылдам тигүү боюнча сынактар уюштурулат", - дешти уюштуруучулар.