Мындан 14 жыл мурун, 2003-жылы 30-августта борбор шаардын "Ала-Тоо" аянтында Кыргыздын эркиндигин даңазалаган “Эркиндик” эстелиги ачылган.
“Эркиндик” 1999-жылы скульптор Тургунбай Садыков тарабынан жасалып, эгемендүүлүктүн 12 жылдыгына, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына арналып 2003-жылы Лениндин эстелигинин ордуна коюлган. Бийиктиги 11 метрлик колодон жасалган эстеликте кыргыз калкы кылым көксөгөн эркиндик символу - Эне образы аркылуу берилген. Анда аял сол колунда боз үйдүн түндүгүн көтөрүп турган. Айкелдин негизинде тоголок шар орун алып, ал дүйнө жүзүндөгү тынчтыктын белгиси болгон.