АКШнын президенти Дональд Трамп Финляндиянын президенти Саули Нийнистё менен биргеликте маалымат жыйын өткөрүп жаткан учурда сары чачтуу эки кабарчы айымды чаташтырып алды. Бул туурасында чет элдик маалымат каражаттары жарыялады.
"Маалымат жыйында суроо-жооп учурунда Финляндиянын президенти кабарчыга сөз берген. Бул учурда Трамп "кайра элеби? Сиз кайра-кайра эле бул айымга сөз бере бересизби?" деген. Ал эми Нийнистё "жок, бул башка айым" деп жооп берген. Ал эми кабарчы алардын өлкөсүндө сары чачтуулар көп экенин айтканда, жыйындагылар каткырып күлүшкөн", - деп жазылат маалыматта.
Ошол эле күнү Трамп чаташтырып алган 2 журналист чогуу түшкөн сүрөтүн социалдык баракчаларына жарыялап, экөө бири-бирине окшобой тургандыктарын жазышкан.