Аксы районунда 31-августка карата ыр кесе өттү

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 3 райондун таланттары катышкан 31-август - Эгемендүүлүк күнүнө карата ыр кесе өттү. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта SUPER.KG порталына Аксы районунун акиминин орун басары Зарипа Калматова билдирди.

"Эгемендүүлүк майрамына карата Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондорунун таланттары катышкан ыр кесе майрамы Авлетим жайлоосунда өткөрүлдү. Атайын кыргыз үй тигилип, район аймагындагы таланттар катышып көрүүчүлөргө ыр, бий тартуулашты. Ошондой эле жаштарды мекенди сүйүүгө үндөгөн мекен ырлары ырдалды. Жыйынтыгында таланттарга баалуу белектер жана грамота тапшырылды. Соңунда улуттук даамдар тартууланды", - деп билдирди Калматова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан