2-сентябрда Самарканддагы Ислам Каримовдун бейитинде мемориалдык комплекс ачылат

2-сентябрда Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримовдун бейитинде мемориалдык комплекс ачылат. Бул тууралуу 28-августта маркум президенттин кичүү кызы Лола Каримова-Тилляева билдирген чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.​

Каримовдун кызынын айтымында, мемориалдык комплексти куруу боюнча аткарылган иштердин бардыгы тең ЮНЕСКОнун жана Эстеликтер менен ажайып жайларды коргоо боюнча эл аралык кеңештин талаптарына жана сунуштарына жооп берет.

28-августта Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Ислам Каримовдун бейитине барып, комплексти куруу иштерин аяктоо жана андагы шарттарды жакшыртуу боюнча сунуштарын берип кеткен.

Эскерте кетсек, Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримовдун каза болгондугу тууралуу 2016-жылы 2-сентябрда белгилүү болгон. Ал инсульттан улам 78 жаш курагында көз жумуп, сөөгү Самарканддагы Хазрати Хизр көрүстөнүнө коюлган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан