Индиянын Гат тоолорунун чыгыш тарабында окумуштуулар баканын сейрек кездешүүчү жаңы түрүн табышты.
Бул тууралуу National Geographic маалымдайт. Баканын жаңы түрүн 2014-жылы Гат тоолорунда каза болгон окумуштуу, герпетолог Субраманиама Бхупатинин урматына "кызгылт түстөгү Бхупати бакасы" деп аташкан.
Бул бакалар жер алдында гана жашашат. Ал жактан жаан жаап жаткан мезгилде тукум улоо максатында жупташуу үчүн жер үстүнө чыгышат.