Эгемендүүлүк күнүнө карата "Ала-Тоо" аянтындагы даярдыктан фоторепортаж

Эртең, 31-августта Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө 26 жыл толот. Учурда Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтында майрамга карата даярдыктар жүрүүдө. Быйыл башка жылдагылардан өзгөчөлөнүп аянтка өлкөнүн желеги тартылган түндүк орнотулду. Узундугу 50 метр болгон түндүк бүгүн кечинде жандырылат.

Эгемендүүлүк күнүндө саат 10:00дө салтанаттуу иш-чара башталат. Ал эми 11:00дө болсо Өкмөт үйүнүн алдында чыгармачыл адамдардын катышуусунда концерт өтүп, спорттук оюндар уюштурулат. 19:00дө эстрада ырчыларынын катышуусунда концерт болот. 23:00дө болсо майрам фейерверк менен аяктайт. Ошону менен катар эле борбор шаардын райондорунда дагы бир катар маданий жана спорттук иш-чаралары өтөт.

1991-жылы 31-августта Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы тууралуу декларация” жөнүндөгү токтом кабыл алынган. Буга ылайык, Кыргыз өлкөсү көз карандысыз, суверендүү, демократиялуу мамлекет деп жарыяланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Atas
2017-08-30 12:13:16
jakshy , jelek soonun boluptur Kyrgyz elibizdin taaryhyi kunu menen kutuuktaim
+1
mratbashy
2017-08-30 12:40:51
Туугандар жаман корбогуло бирок атабыздын башына эгемендуубузбу темселеп ар кайсы жерде гастарбайтер болуп журобуз мамлекет болсо сиз менен биз семьябызга салган акчалардын суммасын эсептеп алышып укмуш кыйратып онугуп атабыз деп отчет берип журушот.биз азырынча (байлар силерге тиешелуу эмес)майоамдарды азайта турсак жакшы болмок беле деген ой келет ар 4жылда онукпогон олкону ондоюогон иттерди шайламай тажадык го.маанайынарды тушурсом кечирим сурайм
-3
aziiiz
2017-08-30 14:54:18
Эгемендуу олко болгонубузга кудайга шугур бирок экономикабыз да которулуп озубуздун олкодо иштесек кандай сонун болмок Туртцияда темселебей.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан