Бүгүн, 30-августта Бишкекте "Дыйкан" базарынын соодагерлери базарга барчу тосулган жолду өз алдынча ачууга чогулуп баштады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жолду ачууга чогулуп жаткан соодагерлер кабарлашты.
Маалыматка ылайык, учурда 40тан ашуун адам Фучик-Москва көчөлөрүнүн кесилишинде турушат. Алар "Дыйкан" базарынын ачылышын талап кылып жолдун ортосуна коюлган бетондорду алуу аракетин көрүүдө.
Эске салсак, буга чейин "Дыйкан" базары милиция кызматкерлеринин көзөмөлүндө күч менен жабылып соодагерлер чыгарылган. Каршылык көргөзгөн 11 адам камакка алынган.