Айт намазы 1-сентябрь күнү эски аянтта саат 7:30да окулат

Айт намазы 1-сентябрь күнү эски аянтта окулат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев билдирди.

Белгилей кетсек, быйыл Курман айт 1-сентябрга дал келгендиктен бул күн дем алыш деп жарыяланган.

Муфтияттын берген маалыматы боюнча Курман айт намазынын программасы төмөнкүчө:

- 06:00 - борбор калаадагы эски аянтка эл чогула баштайт.

- 06:00 - 07:00 — баян айтылат.

- 07:00- 07:20 — муфтий Максат Токтомушевдин куттуктоосу жана баяндамасы.

- 07:20 - 07:30 — өкмөт өкүлдөрүнүн куттуктоосу.

- 07:30 — Айт намаз башталат.

Кошумчалай кетсек, 1-сентябрь - Курман айт майрамында өлкөдөгү бардык мектептерде Билим күнү белгиленет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bond0202
2017-08-30 13:13:05
курбан айт болуп жатса кайдагы окуу болот мектептерде,билим министири эмнени карап олтурат
0
Koshaly
2017-08-30 13:16:04
Белгилей кетсек, быйыл Курман айт 1-сентябрга дал келгендиктен бул күн дем алыш деп жарыяланган. дейт
0
Ma9
2017-08-30 20:22:29
мектептер иштейт деп жатат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан