"Билдирүүм 4 миң жолу бөлүшүлсө, 4 айлык түйүлдүктү боюмдан алдырбайм" деген аял сынга кабылды

"Кош бойлуулуктун 4-айындамын. Бул билдирүүм 4 миң жолу бөлүшүлөт, ошондо мен боюмдан алдырбайм". Мындай билдирүүнү америкалык кош бойлуумун деген келин социалдык тармактардагы өздүк баракчасына сүрөтү менен кошо калтырган. Анын бул билдирүүсү интернет колдонуучулардын кыжырын келтирип жаткандыгын чет элдик маалымат булактары жазууда.

Билдирүүнү көпчүлүк жактырбаганы менен 10 000 колдонуучу бөлүшкөн.

"Король Натан VI" деген аталыш менен катталган колдонуучу: "Бул менин балам экендигин мага кабарлагандын ордуна, ушундай сандыракты жазайын деп чечтиңби?" - деген билдирүүсүн калтырган.

Кош бойлуумун деген аял ага ачуулануу менен жооп кайтарган: "Ошол үчүн мен сенден акча тууралуу сурагам, а сен мени "жаап" салдың. Эми каалаган жагыңа бар, кайрадан социалдык тармактан мени жап", - деген.

Аялдын бул билдирүүсүн көпчүлүк түйүлдүккө карата кош көңүл мамиле жасоо, "жакты" белгиси, бөлүшүүлөр менен түйүлдүктүн тагдырын чечүү деп сыпаттап, "Эмне деген эне!", "Психикалык жактан жабыркаган, түрмөгө отургузуш керек", "Уят эмеспи?", "Акылдан азган" деген пикирлерин калтырышкан. Колдонуучулардын мындай реакциясынан кийин ал "бул жөн гана тамаша болчу" деген жообун калтырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
daak9191
2017-08-30 14:10:35
Эми биздикилер да ушинтет
+8
admin_superstan
2017-08-30 14:54:27
raykray, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
TIMON_BERKOWITZ
2017-08-30 17:07:06
Пиар! Эптеп класс чогултуш керек. Класс бапасаң апаң өлөт деген сыяктуу эле түшүнүк.
+3
Aidan88
2017-08-30 23:12:33
TIMON_BERKOWITZ, tupturaa aitypsyz
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан