Кыргыз өлкөсүнөн Сириядагы согуш башталгандан бери ал жакка кеткен аялдардын саны 100дөн ашуун. Бул туурасында бүгүн, 30-августта Бишкекте өткөн "Аялдардын терроризм-экстремизмге каршы туруудагы орду" аттуу жыйында Ички иштер министрлигинин 10-башкармалыгынын теология бөлүмүнүн кызматкери Манас Аманбаев маалымдады.
"Биздеги маалыматтар боюнча, 2012-жылы Сириядагы согуш башталгандан бери 500-600 адам ошол жакка жөнөп кеткен. Анын ичинен 100дөн ашыгы кыз-келиндер. Ал жактан кээ бир эркек жарандарыбыз кайтып келип жатышса, аялдардын кайтканы боюнча маалыматтар жок. Биздин милдет экстремизм жана террорчулуктун алдын алуу болгондуктан ага катышы бар адамдар тууралуу маалыматтарды чогултуп, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы менен биргеликте чараларды көрүү", - деди Аманбаев.
Айта кетсек, жыйынды Бириккен улуттар уюмунун баңгизатка жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы ИИМдин кызматкерлери менен биргеликте уюштурган. Ага диний кызматкерлер жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.