Депутат Токон Мамытов өкмөт чек арачылардын айлыгын көтөрөм деп 4 жолу алдаганын айтып чыкты

"Өкмөт чек арачыларды айлык акысын көтөрүп берүү убадасы менен 4 жолу алдады". Мындай пикирди бүгүн парламенттеги "Ырыс алды - ынтымак" көпчүлүк коалициясынын жыйынында депутат Токон Мамытов билдирди. Анын айтымында, 2012-жылдын бюджетин бекитип жатканда өкмөт чек ара аскерлигинде иштегендердин айлыгын көтөрүү убадасын берген. "Андан кийин алардын айлыгын апрель айында көтөрүлөт деди. Анан 1-июлда, кийин 1-сентябрда деди" дейт эл өкүлү. Мурунку Каржы министри Акылбек Жапаровду сынга алды. "Ошол кездеги Каржы министри "биз сиздерге бюджетти дефицити жок алып келебиз" деген. Көп өтпөй бюджеттин тартыштыгын 16 миллиард менен алып келдиңиздер" деди Мамытов.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан