Азыркы учурда сулуулук индустриясында визажисттердин эң сүйүктүү косметикалык каражаттар маркасы болуп Max Factor эсептелет. Кыздардын сүймөнчүгүнө ээ болгон косметикалык каражаттардын "атасы" Максимилиан Абрамович Факторович 1938-жылы 30-августта көз жумган. Анда ал 61 жашта эле.
Америкалык кыял
Макс Фактор 1872-жылы 5-августта жарык дүйнөгө келген. 14 жашынан баштап опера театрында чач тарач болуп эмгектенген, мындан сырткары артисттерди боёнтуу менен алектенген. 1895-жылы Рязанда Фактор өзүнүн дүкөнүн ачкан. 9 жылдан кийин Америкага өзүнүн үй-бүлөсү менен көчүп кеткен.
Аялы таштап жана өнөктөшүнүн алдап кеткенине карабастан Макс Фактор Лос-Анжелесте киностудияларга жакын өзүнүн кичинекей косметикалык каражаттарды, жасалма чачтарды саткан дүкөндөрүн ачканга жетишкен.
Эң биринчи ачылышын Макс Фактор 1914-жылы жасаган. Ал кино үчүн атайын грим ойлоп тапкан. Жаңы гримдин өзгөчөлүгү болуп анын көп байкалбагандыгы болгон. Дал ушул грим Макс Факторго атактуулук алып келген.
Киноиндустриянын өнүгүшү менен сулуулук индустриясы өнүккөн. Макс Фактор өзүнүн косметикалык каражаттарынын өңдөр гаммасын жакшырткан, ушундан улам ага киноиндустриянын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн "Оскар" сыйлыгы ыйгарылган.
Бардык аялзаты - сулуу
20-жылдардын башталышына чейин боёнуу - бул адепсиздиктин белгиси болгон. Ошол учурда актрисалар жана жеңил ойлуу айымдар гана боёнушкан. Бирок Макс Фактордун аракеттеринин натыйжасында жөнөкөй айымдар да косметикалык каражаттарды колдоно башташкан. Мындан улам кино каармандарын туурап боёнуп, чач жасалга жасап, кийинүү модага айланган.
Биринчи сулуулук салону
1953-жылы Макс Фактор биринчи сулуулук салонун ачкан. Ал сулуулук салону төрт бөлмөдөн турган. Ар бир айым өзүнүн чачынын түсүнө туура келген бөлмөгө киргизилчү. Бул иш-чараны бардык гезиттер чагылдырган. Ачылыш аземдеги "Белгилүүлөр баракчасы" көптүн көңүлүн өзүнө бурган. Дал ушул баракчада ошол мезгилдин эң белгилүү адамдары өзүнүн кол тамгаларын калтырышкан.
Мураска калган сулуулук сырлары
Өзүнүн атактуулугунун туу чокусунда Макс Фактор бул жарык дүйнө менен кош айтышкан. "Голливуддук сыйкырчы" аталган адам өзүнөн кийин дүйнө жүзүндөгү жана тарыхтагы эң ири косметикалык империялардын бирин калтырган.
1946-жылы Макс Фактордун улуу баласы Френк атасы 1932-жылы баштаган телевидениеге арналган атайын макияждын каражаттарын патенттеген. Фактордун балдары 1971-жылы дүйнө жүзүндөгү биринчи жолу суудан кетпеген грим жана тушь жаратышкан.
90 жылдан ашуун тарыхы бар Max Factor империясы азыркы күнгө чейин дүйнөдөгү сулуулук индустриясынын алдынкы сабында турат.
30-августтун жылнаамасы.