Өзбекстандын президенти Кыргыз мамлекетине кайсы күнү келери белгилүү болду

Бүгүн, 30-августта премьер-министр Сапар Исаков Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алар өзбек президенти Шавкат Мирзийоевдин Кыргыз өлкөсүнө болгон иш сапары 6-сентябрга пландалганы тууралуу сүйлөштү. Ошону менен катар тараптар эки өлкөнүн кызматташтыгы жөнүндө сөз кылышты. Арипов Исаковду премьер-министр болушу менен куттуктады. Телефон чалуу демилгеси өзбек тараптан болду. Өкмөт башчылар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташууну талкуулашты.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаев Ош облусуна болгон иш сапарында кийинки жумада өзбек президенти Кыргыз жергесине иш сапары менен келе турганын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Muslim_KGstana.
2017-08-30 15:33:43
эми биз дагы жакшы бир сый-урматыбызды корсотуп тосуп,узатып алсак экен/Шавкат мырза келечекте Кыргыз элине чон пайдасы тие турган адам,аны буга чейинки Кыргыз элине кылган мамилесинен байкоого болот/Чечилбей келген чек ара маселесин бизге жага тургандай суйлошуп бутурсо жакшы болмок/
+8
BekAmir
2017-08-30 18:00:54
Сохко коридор бербегиле ансызда бизди басынтып келишет Мамлекет алсыз деп
+7
juma11anara
2017-08-30 18:09:11
5-сентябрь куну жумушта укташ керек экен 7-сентябрьга чейин.
+1
bom.bon
2017-08-30 18:12:58
juma11anara,ишти кыл уктабай
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан