Автоунаа жана турак жай салыгын төлөө мөөнөтү узартылды

Автоунаанын жана турак жай салыгын төлөө мөөнөтү узартылганын бүгүн, 30-августта Мамлекеттик салык кызматы билдирди. Салыктарды эми 4-сентябрга чейин төлөөгө мүмкүн. Буга чейин автоунаа салыгын 1-сентябрга чейин, турак жай салыгын 2-сентябрга чейин төлөө керектиги айтылган. Салыктарды өз убагында төкпөгөндөргө 2 миӊ сом айып салынары да эскертилген. Мындан тышкары ар бир кечиктирилген күн үчүн туум жазылат.

1-сентябрь майрам күнгө, 2-сентябрь дем алыш күнгө туш келгендиктен Мамлекеттик салык кызматы салык төлөө мөөнөтүн узартты. 1-сентябрга чейин үлгүрбөй калгандар 4-сентябрь күнү төксө болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
stal.ks
2017-08-30 15:24:20
Уунанын салыгын толойм деп кунум кезекте туруп отуп кетти
эмнеге салык имаратта аз кызматкер иштейт?
Элге шарт тузуп бергиледа ошончо элди куттуруп кыйнабай.
Супер инфо керектуу жерге жеткизип койгула суроомду
+1
admin_superstan
2017-08-30 15:30:07
stal.ks, kechirmeni, саламатсыздарбы! Сунушуңуздарга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
nazira...
2017-08-30 15:31:00
stal.ks, Ооба, мен да кошулам сага, бирок биз озубуз да куноолубуз да эртерээк барып толоп койсок олобузбу акыркы числодо барып кыйналбай.
0
seni.gana
2017-08-30 19:53:29
stal.ks,туура айтасын башка убакытта аз болсо дагы мооноту буторуно бир жума калганда акошкалардын иштеген кызматкерлердин санын кобойтуп койуш керек
0
kechirmeni
2017-08-30 15:29:23
Урматтуу админ жашаган турак жайыбызга да толойбузбу.Ушуну билип бериниздерчи Рахмат!
0
Ardak777
2017-08-30 15:32:01
kechirmeni, stal.ks, терминалдан эле төлөп койгула кезек күтпөй.
+1
Muratmipa
2017-08-30 15:40:14
Ardak777,тологонго болбойт экен отчет бересин деп тольтура кагаз берип салды барсам ошону элди кыйнабай жон эле оной жолун кылса болбойбу
0
kechirmeni
2017-08-30 15:51:25
Muratmipa,Оа терминал не вариант кээде кагазы тугонуп калат
0
zhykyo
2017-08-30 21:18:58
Почтага эле тогуп койгула кыйналбай
0
pero123
2017-08-30 21:45:15
жалкоого шылтоо көп кылбай төлөгүлө кезек күткүлө да
-1
Taalaibek.
2017-09-01 01:53:30
Бул мыйзамбы? Эгер мыйзам болсо, биздин мыйзам чыгаруучулар туура эмес чыгарышыптыр. Биз бала чакабыздын кийим кечегин табабызбы же салыкты толойбузбы? Туура мыйзам чыгарышса болот эле го. Салыкты Ноябрь айына койюуш кере болучу. Себеби тушум Ноябрда жыйналып бутот да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан