СУПЕР ТВ: Аял киши үйдө отуруш керекпи же иштеш керекпи?

Азыркы учурда "аялдар - базарда, эркектер - казанда" деген ары тамашалуу, ары азыркы учурдун көйгөйүнө айланган сөз эл ичинде көп талкууга алынып келет. Бүгүн, 30-августта биздин жамаат Бишкек шаарынын тургундарына "аял киши үйдө отуруш керекпи же иштеш керекпи" деген суроо узатып, кызыктуу жоопторду алды.

Сурамжылоого катышкандардын көпчүлүгү аял киши үйдө отуруп бала тарбиялаш керек десе, кээ бирлери балдарга татыктуу тарбия бериш үчүн аял киши иштеп, коомдогу жаңылыктардан артта калбастан өзүн өнүктүрүүсү керек деп ойлойт. Ал эми сиз кандай ойлойсуз?

Сюжетти көрүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Ryskeld
2017-08-30 15:47:10
уйдо уйун куйосун бактылуу кыла албаган аял кочодо кимди бактылуу кылмак эле
+7
AIZAD
2017-08-30 15:53:47
Ryskeld,ооба, ошол эле сыяктуу эркектер дагы. Уй булоосун бага албай кайра эле аялды базарга чыгарып озу казанда калып...
+10
Hadyja
2017-08-30 16:22:55
Жашоодо абалдар озгорулот баары бир.Иштейм дегендер боюнда бар да уйдо отурушат.Уйдо отургандар балдарын чонойтуп,иштейм дейт.
Чектен чыкпаса экоо тен эле жакшы.
Ар тараптын озунун пайда зыяны бар.
+4
barakcha
2017-08-30 17:52:02
Эркеги жетиштуу акча таап уй булосун багып турса,аял киши уйдо балдарын тарбиялап отурганга эмне жетсин?
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан