Алмазбек Атамбаев: "Баш аламандык уюштурууну каалагандарды катуу жазалоого убактым жетиштүү"

"Баш аламандык уюштурууну каалагандарды катуу жазалоого убактым жетиштүү", - деп билдирди бүгүн, 30-августта президент Алмазбек Атамбаев Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоорунун жыйынтыкталышына арналган жыйында.

Анын айтымында, кандайдыр бир шылтоо менен президенттик шайлоодон кийин өлкөдө жагдайды туруксуздаштырууну көздөгөндөр бар.

"Кээ бирөөлөр президенттикке Атамбаевдин жолун жолдобой турган башчынын келишин каалашат. Биз кандай деген кыйынчылык, курмандык менен бул жолду тапканбыз. Бийлик административдик ресурс колдонуп жатат деген баш айландырган сөздөр жүрүп жатат. Ошону шылтоолоп шайлоодон кийин өлкөдө баш аламандык кылууну каалашат. Мен эскертип коёюн, мен 1-декабрга чейин ушул мамлекеттин президентимин. Эл мени колдоп жаткандан кийин өлкөдө баш аламандык кылууну каалагандарды катуу жазага тартууга убактым жетет", - деди ал.

Мындан тышкары талапкерлер административдик ресурстан эмес, каржы ресурсунан коркушу керектигин кошумчалады. Анткени административдик ресурс колдонууга жол берилбей турганын айтты өлкө жетекчиси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (31)
nurik11-29
2017-08-30 17:13:13
кайсыл эл колдойт ???тууган уругунан башка эччч ким колдобойт!!!ишенген иним деп инисин бийлике алып келди ,эми кутлуп болбойт окшойт булардан!!
+13
admin_superstan
2017-08-30 17:42:54
almanbetperm, кимдир бирөөнү мазактоого тыюу салынган. Эскертүү!
-15
adjo_krsu
2017-08-30 17:48:07
АША ар жерде ар нерсени суйлогонду коюп, спортко конул бурса жакшы болот эле. Мени эл колдойт деп мактанбай. Путин же Назарбаев мактанганын мен уга элекмин ушул кунго келип.
+11
nurbekasr
2017-08-30 17:56:39
Кайсыл эл колдоп жатыптыр,эмнеге ушинтип сүйлөй берет?15-октябрь шайлоо бүтсүн анан көрөбүз ким кыйын экенин.Тим койсо президенттиктен кеткиси жок 1-декабрга чейин болом дейт да.Элди көп коркута бербе АША.
+15
Asman...
2017-08-30 19:12:13
Эл колдоп жаткандан кийин де... Кайсы эл колдоп жатат экен? Гос жумушта иштегендердин мажбурлап колдотуп жатасыңар. Калган эл сенден тажады. Тезираак кетсе экен дагы бир нерселерди балп эттирип уят кылабы деп коркуп.
+5
bond02
2017-08-30 19:18:38
Жанындагы тортоо эле колдобосо башкалар тескери карап калышты окшойт. Анан Путин досум деп алганбы бир суйлогон жеринде.
+7
AKTILEK89
2017-08-30 19:27:40
Мен сенден куйуп кетем оооо кудай ушу адамды деги сактачы Ким колдойт сени айтчы..
+5
PROS
2017-08-30 19:35:40
Колдойт деп элди зордоп жатсаңыз. Колдогон элди кордоп жатсаңыз.
Ар кайсы жерде БАЛП этип коюп,
Болбогон сөздү боздоп жатсаңыз.
Үмүтү элдин үзүлүп бүттү.
Сталин заман түзүлүп бүттү.
Тырмышпай эрте кетсеңиз экен!
БАЛП эткен сөздөн эл тажап бүттү!
+10
nurik838383
2017-08-30 20:19:22
Эээ кудай сабыр бере кор, мектептеги мугалимден баштап айыл окмоктко чейин мынча добуш алып келесин деп уже баштадынарго сасык оюнунарды, кудайды карап суйлогулочу
+5
kenjebek_a
2017-08-30 20:20:37
Ким колдоп жатыптыр озу.Госжумуштагыларды качан эле башташкан кысканды.Шайлоодо бул СДПКанын желдеттери оздору бурмалайт.Таза шайлоо болсо СДПКнын кандидаты 10 пайызга жетпейт.Бурмалап откозуп анан нааразы болгон элдин баарын жазалайбы.Жазалаганга эмес командасы менен качканга убакыт жетеби.Ойдодо бироо жазгандай 1 декабрга жетеби,кудай буюрса деп айтпаптыр.
+4
Nasichat
2017-08-30 21:25:13
Элдин короорго козу жок
+3
bakulya2015
2017-08-30 22:33:59
Тообо кылдым. Кудай бар Ин Ша Аллах бул кундорда отот.
+2
Aidan88
2017-08-30 23:02:53
Bashalamandyk bolso eldi jazaloogo ubaktysy jetishtuu bolso , nege osho Dacha suda bolgon kyrsykta ,jer kochku kyrsyk bolgon jerlerge ubaktysy jokpu barganga eldin akybalyn korgongo , kyrsyk bolup atsa eldi kunoolop , kana osho uchaktan ,jer kochkudon jabyr tarktan mekendeshteribizge jardam berildibi.andai le ubaktysy kenen bolso osho elge joluksun ,eldin koigoiun chechsin . uchaktyn eesi kim, uchaktagy juk kimdiki segiz Aidan beri aitylbai jatat go
+2
Begmat1992
2017-08-30 23:09:14
Кечирип эле койосуз комментариилерди окусам бир да колдогон адам жок ХХХХ колдобойт Эл тажады сдпканарда
+3
admin_superstan
2017-08-31 10:19:21
Begmat1992, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
0
admin_superstan
2017-08-31 11:31:16
Ruslan4458, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан