Италия кургакчылыктан улам фонтандарын өчүргөн, эми калкка суу ченелип берилет

Римдеги суунун тартыштыгы жергиликтүү бийликти ылайыктуу чечимдерди кабыл алууга түртүүдө. Суунун жетишсиздиги буга чейин Ватикандагы 100дөн ашык фонтандарды өчүрүүгө мажбур кылган болсо, эми сентябрь айынан тартып Римдин жашоочуларына түнкүсүн суу чектөө менен берилет.

Чет элдик маалымат булактарынын маалыматына ылайык, Римдеги суу менен камсыздоо ишканасы акыркы 3 жылда бул аймакта жаан-чачын 70 пайызга аз болгонун айткан.

"Август айында шаарда сууну пайдалануу бир нече эсеге азайган. Анткени көпчүлүк тургундар эс алуу үчүн башка шаар, өлкөлөргө кетишкен. Эми жашоочулардын кайра кайтып келүүсү менен суунун жетишсиздиги сезилүүдө. Калкты суу менен камсыздаган ишкана мындан башка жол таба алган жок", - деп жазылат маалыматта.

Анда белгиленгендей, Италия Европадагы көпчүлүк өлкөлөрдүн катарында кургакчылыктан катуу жабыркады. Шайлоодон жеңип чыккан Рим шаарынын мэри Вирджиния Раджи транспорт системин, таштандыдан арылтуу жана шаарды суу менен камсыздоо маселелерин чечүүнү убадалаган. Бирок азырынча эч кандай жыйынтыктар боло элек. Шаардагы суунун тартыштыгы туризмдин кескин төмөндөп кетүүсүнө алып келгенин айткандар да көп.

БУУнун маалыматына ылайык, суу ресурстарынын жетишсиздиги дүйнө калкынын 40 пайызына таасирин тийгизет. Планетадагы 783 миллион жашоочуга таза суу жеткиликтүү эмес, ХXI кылымдын жарымында суунун туруктуу жетишсиздигинен кыйналган адамдардын саны 4 миллиардга жетет.

"Суу жер жүзүнүн 70 пайызын ээлейт. Бирок анын 3 пайызы гана ичүүгө пайдалануучу суу болсо, анын көп бөлүгү мөңгүлөр", - деп жазылат БУУнун маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
BekAmir
2017-08-30 17:07:05
А бизде мин жылдык монгулорду жырткычтык менен талкалап атат канада...
+3
ilim07
2017-08-30 17:49:37
Козу кор болгур бийлик жакында бизди таза суусуз калтырат кумтор канада менен
0
Mambetali
2017-08-31 10:23:46
Ошого кантип башы жетбейт деймда ушу бийликтин...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан