"МЕДИА-ПОРТАЛдын" "Элдик видео" бөлүмүнө "Жүргүнчүлөргө зелёнка чачкан таксистти жазалашты" деген видео жүктөлдү (ник: Cinderella).
Видеодо белгисиз жарандар унаанын жанында бир адамды зелёнка менен бетин жууганга мажбурлап жатканын көрүүгө болот. Видео Орусиянын Хабаровск шаарында тартылган.
Окуянын төркүнү 28-августка барып такалат. Бул күнү Орусиянын Хабаровск шаарында такси кызматын көрсөтүп иштеген жаран 2 аял кишини болжогон жерине жеткирип, кардарлардын акчасы жок болгондугуна байланыштуу, ордуна беттерин зелёнка менен жууну сунуштаган. Видеодо кыздар алаканына куюлган жашыл зат менен беттерин жууп, бири ыйлап, акчасы жок экендигин түшүндүрүшкөнүн көрүүгө болот. Ошондой эле жергиликтүү маалымат каражаттары аталган таксистти жана окуяга катыштыгы бар адамдарды полиция издеп жатканын маалымдашкан.
Ал эми бүгүн интернетке жарыяланган видеодо болсо, тескерисинче, эки аял кишини шакаба чегип шылдыңдады делген таксистти жергиликтүү тургундар кармап алып, зелёнкага жуунтушкан.
РИА Новости басылмасы Орусия ИИМине шилтеме берип, таксист укук коргоо органдарына өзү барганын жана түшүнүк кат жазып бергенин жарыялады. Ал түшүнүк катында "Мен кардарларымды мажбурлап жашыл затка жуунткан эмесмин. Алар такси кызматын пайдаланышкан соң акчалары жок экенин айтышты. Мен жөн гана анда зелёнка менен жуунгула деп сунуштап койгом, алар болсо макул болушту", - деп жазат.
Эки кыздын жүзүн булгаган таксист жумушсуз жана унааны ижарага алып убактылуу такси кызматын көрсөтүп жүргөн жаран болгон. Видеону көрүү үчүн шилтеме аркылуу МЕДИА-ПОРТАЛ бөлүмүнө өтүңүз.
Эске сала кетсек, буга чейин дагы февраль айында Казакстандын Костанай шаарында таксист кызматы үчүн акча бербей койгон жүргүнчүнү зелёнка менен жуундуруп мазактаган видеосу тарап, коомчулукта талкууга алынган.
Маалымат үчүн: Зелёнка - коомчулукка кеңири тараган аталыш. Илимий аталышы - бриллианттуу жашыл, тетраэтил. Медицинада кеңири колдонулган зат. Ал ачык жаракаттарды айыктырууда жана жаракаттардын ырбап кетишин алдын алууда пайдаланылат. Эгер зат көзгө көп көлөмдө кирип кетсе, көрүүнү начарлатып, чел кабыкты жабыркатат.