Сокулук РИИБи зордуктоо кылмышы боюнча 1 жылдан бери издөөдө жүргөн жаранды кармады

Сокулук РИИБинин кызматкерлери зордуктоо кылмышы боюнча күнөөлөнүп 1 жылдан бери издөөдө жүргөн жаранды кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Айта кетсек, 2012-жылдын 15-мартында Күн-Туу айылынын 35 жаштагы А.С. аттуу тургуну милицияга кайрылып, “Анарбек аттуу адам үйгө келип, зордуктоого аракет кылган” деп билдирген. Ошондон бери издөөдө жүргөн 49 жаштагы жаран 22-майда колго түштү. Тергөө амалдары уланып жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан