Техастагы суу ташкынынан жергиликтүү жашоочу уулу менен кырктай үй жаныбарын куткарды

АКШнын Техас штатындагы суу ташкынынан жаныбарлар кошо куткарылууда. Чет элдик маалымат булактары жазгандай, жергиликтүү жашоочулардын бири өзүнүн уулу менен биргеликте өмүрүн тобокелге салып, кожоюндары таштап кеткен иттерди сактап калган.

Ата-бала-Дестхемдер моторлуу кайыгы менен кыркка жакын үй жаныбарларын топтошкон.

"Суу ташкыны тууралуу 1 жума мурун эскертилсе да жашоочулардын үйүндө үй жаныбарлары жалгыз калган. Балким, кырсык болгон учурда кожоюндары үйлөрүнө келгенге үлгүрбөй калышкан чыгар. Кандай болгон күндө да жаныбарлар куткарылып, коопсуз жайга жеткирилди. Жаныбарларды коргоочу жайда алар кожоюндары келип алып кеткенге чейин кармалат", - дешкен ыктыярчы куткаруучулар.

Ал эми АКШнын Коргоо министрлигинин Улуттук гвардиясынын аскерлери да селден 300гө жакын үй жаныбарларын куткаргандыгы маалымдалууда. Улуттук гвардиянын ички операциялар бюросунун башчысы Жеймс Уитэм демейде кырсыктардан адамдар гана куткарыларын, бирок бул ирет Улуттук гвардиянын аскерлери алардын үй жаныбарларын кошо куткарып жатканын айткан.

Буга чейин Техастын губернатору Грег Эбботт жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюуга Улуттук гвардиянын резервдеги 12 миң аскерин тартууну айткан.

Техастагы Хьюстон шаары АКШдагы калкы боюнча 4-орунда турган мегаполис, анда 6,5 миллиондон ашуун калк жашайт. Катуу шамал, жаан-чачындан улам 25-августта суу ташкыны болуп андан каза тапкандардын саны отузга жетти. Беш күндөн бери шаардагы суу ташкыны жергиликтүүлөрдү жүдөтүп жатат, унаа жолдору, кварталдар, аэропорт, турак үй, дүкөндөрдүн баарын суу каптап турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Taalaibek_85
2017-08-30 21:24:34
Суперге боло берет анткении супер да
+1
admin_superstan
2017-08-31 10:57:43
Riokyrgyz, порталдын ишмердүүлүгүнө байланыштуу сын-пикирлер атайын дарекке жиберилиши керек.
+1
Riokyrgyz
2017-08-31 11:29:04
admin_superstan, Оңдоп койгонуңуздар үчүн ыраазычылык билдирем.
0
AKCAHAT
2017-09-01 13:27:50
Бизде болгондо телевизор, холодильниктерин алып чыгышмак го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан