Бүгүн, 30-августта премьер-министр Сапар Исаковдун төрагалыгынын астында өкмөт мүчөлөрүнүн жыйыны өттү. Анда жол коопсуздугу маселеси каралды. Исаков тийиштүү жетекчилерге окуу жылы башталганына байланыштуу жол коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу тапшырмасын берди.
“Жаңы окуу жылынын башталышына аз убакыт калды. Тийиштүү жетекчилер буга көңүл буруп, жол кырсыгынын алдын алуу иштерин жүргүзүшү керек. Балдардын коопсуздугун сактоо зарыл. Вице-премьер-министр Темир Жумакадыровго бул боюнча иш алып баруу тапшырмасы берилет. Статистика боюнча жол кырсыгынын саны азайып жатыптыр. Бирок чындыгында андай эмес, тескерисинче, көбөйүп жатат. 7 ай аралыгында өлкөдө жол кырсыктарынан 400 адам каза болду”, - деди ал.
Мындан тышкары ал мектеп окуучуларына жол эрежеси боюнча окутууларды өткөрүүнү тапшырды.