SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Ала-Тоо коюнун байырлаган, ак калпактуу кыргыз элин бүгүнкү 31-август - Эгемендүүлүктүн 26 жылдык майрамы менен куттуктайт.
Өлкөбүздө ар дайым тынчтык, бакубат жашоо болсун. Мекенибиздин экономикасы дүркүрөп өсүп, алдынкы өлкөлөрдүн катарына кошулуусуна үмүтүбүз зор. Ар бириңиздердин үйүңүздөрдө жана үй-бүлөңүздөрдө ынтымак ыроолоп, ырыскы толсун. Кылым карыткан кыргыз эли касиетин, нарк-насилин, улуулугун жоготпой уучу улансын. Эгемен-эркин жашоо өлкөбүзгө кут болсун, саныбыз өсүп, туурубуз бийиктиктен түшпөсүн.
Майрамыңыздар менен!