Журналист сууга агып бараткан унаанын айдоочусун куткарып калды

АКШнын Техас штатында журналист сууга агып бараткан унаадагы айдоочуну куткарып калды. Бул туурасында кечээ, 30-августта чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

CNN'дин кабарчысы Дрю Гриффин Техастагы суу каптоо кырсыгын чагылдыруу үчүн түз эфирге камданып жаткан. Ошол маалда жакын жерде келе жаткан Пикап каналга түшүп, суу агымы менен жылып жөнөгөн. Эфирге камданып турган журналист агып бараткан унааны көздөй чуркап, айдоочуга суудан чыгууга жардамдашты. Окуяны телеканалдын көрөрмандары түз эфирден көрүп турушкан. Куткарылган айдоочу өз өмүрүн сактоого көмөктөшкөн журналисттерге ыраазычылыгын билдиргени жазылат маалыматтарда.

Эскерте кетсек, Американын Техас штатында өткөн жуманын соңунда "Харви" бороону жүрүп, анын артынан нөшөрлөгөн жаандан суунун деңгээли көтөрүлүп, суу каптоо кырсыгы орун алган.

Журналист унаасы менен сууга чөккөн айдоочуну куткарып калды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
R_u_S
2017-08-31 09:49:12
Башкача элестетипмин, жай эле аккан сууго.
+1
evra_kg
2017-08-31 09:57:00
Просто жардам берип калыптырда куткарган башкача болот
+3
temirov76
2017-08-31 15:00:23
Азамат экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан