Британияда көзү азиз адам жаш балдардын катышуусундагы порнографиялык сүрөттөрдү көрүүгө айыпталып иши сотто каралды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Британиянын Блэкпул шаарында интернеттен 16 жашка чыга элек жаш балдардын катышуусундагы 71 порнографиялык сүрөттү көчүргөн 44 жаштагы Эндрю Шоу аттуу жарандын иши каралган. Ал сот залына жол көрсөтүп жүрүүчү ити жана көзү жакшы көрбөгөн аялы менен жетелешип келген.
Сотто жактоочусу Эндрю Шоунун бир көзү толук көрбөй турганын экинчи көзү аябай начар көрө турганын айтып, аны тастыктаган документтер да бар экенин билдирген.
"Анын көзү начар көргөндүктөн интернеттен көчүрүлгөн сүрөттөрдөгү балдардын жаш курагын аныктоосу мүмкүн эмес экенин медициналык текшерүүдөн өткөрүп далилдөөгө болот. Ал начар көргөндүктөн сүрөттөрдөгү адамдарды жашы жеткен деп ойлошу мүмкүн болгон", - деген анын жактоочусу.
Ошондой эле аталган маалыматта сот жактоочунун пикирин жүйөлүү деп таап, ишти кайрадан тергөөгө жөнөткөнү айтылат.